Афина шаарында өткөн 17 жашка чейинки спортчулар арасындагы (U-17) эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Абдрасулов Алхам 55 кг салмак категориясында алтын медаль тагынды.

Абдрасулов Алхам — «Ак Илбирс» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (ОРАБӨСМ)  тарбиялануучусу. Ал бул турнирде жогорку деңгээлдеги даярдыгын, техникалык чеберчилигин көрсөтө алды.

Чемпиондук наамга жетүү жолунда ал ар кайсы өлкөлөрдөн келген күчтүү атаандаштарын ишенимдүү түрдө жеңип, чыныгы кайраттуу мүнөзүн көрсөттү.