21–31-июль күндөрү Бишкек шаарынын Ленин районунда 2011–2012-жылдары төрөлгөн окуучулардын арасында салтка айланган жайкы спартакиада өттү. Спорттук иш-чарага сегиз муниципалдык аймактык башкармалыктан, анын ичинде Бишкек шаарына кошулган Орок жана Новопавловка аймактарынан жалпысынан 300гө жакын окуучу катышты.
Спартакиада кичи-футбол, пионербол, эстафета, ордо жана аркан тартыш спорт түрлөрү боюнча өттү. Иш-чаранын башкы максаты — жай мезгилинде балдарды дене тарбияга тартуу жана келечектүү жаш спортчуларды аныктап, аларды Бишкек шаарынын олимпиадалык резервдеги атайын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептерине (ОРАБӨМ) кабыл алууга багыттоо болду.
Спартакиаданын жыйынтыгы:
Кичи-футбол:
1-орун — Орок МАБ;
2-орун — №3 МАБ;
3-орун — №4 МАБ.
Пионербол:
1-орун — №2 МАБ;
2-орун — №4 МАБ;
3-орун — №3 МАБ.
Эстафета:
1-орун — №3 МАБ;
2-орун — №2 МАБ;
3-орун — Орок МАБ.
Аркан тартыш:
1-орун — №3 МАБ;
2-орун — Новопавловка МАБ;
3-орун — Орок МАБ.
Ордо:
1-орун — №3 МАБ;
2-орун — №4 МАБ;
3-орун — Орок МАБ.
Иш-чарага катышкан бардык окуучулар жигердүүлүгүн, командалык духун жана спортко болгон кызыгуусун көрсөтө алышты. Жеңүүчүлөр дипломдор жана медалдар менен сыйланып, алдыңкы орунду ээлеген командаларга кубоктор тапшырылды.
Райондук деңгээлдеги бул спартакиаданын жыйынтыгында мыкты спортчулар Ленин районунун намысын шаардык мелдештерде коргошот.