Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мүлк объектилерине төмөндө көрсөтүлгөн аукциондорду жарыялайт жана каалоочуларды катышууга чакырат.

Сиз аукциондорго электрондук соода аянтчасында арыздарды берүү менен катыша аласыз: https://auctionetp.gov.kg/msu/public/list.xhtml

2025-жылдын 1-сентябрында төмөнкү мүлктөрдү ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
-№11170.1 ЛОТ - Көп функционалдуу дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн жер тилкеси 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө. Жалпы аянты 7,5 га, жайгашкан дареги: Бишкек шаары, Көк-Жар айылы, №199 контур.
- 11171.1 ЛОТ - Эркиндик бульвары, 53а дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 155,5 чарчы метр,  жанаша жайгашкан 0.418 га жер участогу менен турак эмес жай.
-№ 11172.1. ЛОТ  - Үсөнбаев көчөсү, №164 дарегиндеги  №10 орто мектептин имаратындагы бий ийримдери үчүн  жай, жалпы аянты 169 чарчы метр,  мектеп директору менен макулдашылган график боюнча (бир айда жалпысынан 84 саат).