«Жол-транспорттук инфратүзүм» жана «Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканалары бириктирилип, «Шаардык жол-транспорттук инфртүзүм» муниципалдык ишканасы түзүлдү.
Жаңы ишкананын директору болуп буга чейин «Жол жана транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келген Асылбек уулу Бакай дайындалды.
Чечим шаардык инфратүзүмдү башкарууну оптималдаштыруу, муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана борбор калаанын тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында кабыл алынды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.