Бишкек шаарынын мэриясы коомдук жайларда, парктарда, скверлерде, транспорттук түйүндөрдө жана эл көп чогулган жерлерде санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга багытталган коомдук санитардык объектилер тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорду демилгелөөдө.
Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин муниципалитет борбор калаанын ар бир районунда 5тен 20 коомдук даараткана курууну пландоодо. Мындан тышкары МЖӨ алкагында 15 санитардык түйүнүн орнотуу пландалууда.
Эки жуманын ичинде А.Боталиев атындагы, Түлөбердиев атындагы парктардагы, Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, ошондой эле филармониянын жанындагы дааратканалар калыбына келтирилди.
Бул долбоордун максаты санитардык ченемдерге жооп берген заманбап, коопсуз жана жеткиликтүү санитардык объектилерди түзүү.
Урматтуу шаар тургундары! Сиздин оюңузча кайсы жерде санитардык жайлар эң зарыл? Пикириңизди билдирип, комментарийге сунуштарды калтырыңыз.