Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев шаардын ар кайсы райондорундагы жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Калаа башчысы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки реконструкция иштери жүрүп жаткан бөлүгүнө барды.

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына курулуп жаткан «Все в одном» турак-жай комплексинин (Royal Central Park) аймагындагы проспектин жээгине бак-дарактарды отургузуу тапшырылды. Кызматтарга ошондой эле «Встреча гостей» мозаикасын калыбына келтирүү милдети жүктөлдү.

Андан соң шаар башчысы Алтын-Ордо конушундагы иштердин жүрүшүн текшерди. Мында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Алтын-Ордо 9 көчөсүндө  жалпы узундугу 1,1 чакырымга жакын жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө. Учурда тротуар  бордюрлары орнотулуп,  негизи даярдалууда.

Ошондой эле мэрге Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасына алынган жаңы атайын техникалар, анын ичинде автобустар үчүн эвакуаторлор, суугаруучу техника  жана автомунаралар көрсөтүлдү.

Шабдан Баатыр көчөсүндөгү ДЕПО-2ни реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат. Мэр аймакты көрүп чыгып, Чечимдерди даярдоо башкармалыгына муниципалдык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн текшерүү өткөрүүнү тапшырды.

Мэр жеринде шаар тургундарынын өтүнүчү менен кооптуу бактарды алууга чыккан коммуналдык кызматкерлер менен жолугушту.

Жол иштери кызуу жүрүп жаткан Калинин көчөсүндөгү иштер да текшерилди. Курманжан датка көчөсүндө жолду оңдоо иштери уланууда. Мэр тротуардын курулушуна тоскоол болуп жаткан чарба  субъекттердин ээлерине эскертүүлөрдү берүүнү, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууну, жол боюндагы жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштерин бир убакта жүргүзүүнү тапшырды.

Достоевский көчөсүндө жолдун эски катмарын алуу иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана Свердлов акимиаты тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Мэр ишти тездетип, айдоочулардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздоону милдеттендирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Джунушалиев дарыя жээгиндеги аймактарды уруксат берилбеген имараттардан тазалоо иштерин күчөтүүнү, ошондой эле чарба  субъекттерге унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана борбор калаанын соода объектилерин бирдиктүү стилге келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.