Бүгүн, 5-августта, Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын №172 контурунда өзүм билемдик менен курулган 10дон ашык коммерциялык объект жана тосмо бузулду.

Атап айтканда, эмерек цехи, картинг аянтчасы, кум блокторун чыгаруучу цех, ашкананын жана дүкөндүн кире бериш топтору, эмерек цехи, автосервис, ангар жана башкалар демонтаждалды.

Бул объектилер 2021-жылдан кийин курулган. Буга чейин бул аймактар административдик-аймактык реформанын алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан, андан соң Бишкек шаарына өткөн.

Учурда Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар.

Бул жерлер Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 "Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы "Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык келбейт.

Маалымат үчүн: Буга чейин Октябрь райондук администрациясы жана "Көк-Жар" МАБы жарандар менен мыйзамсыз курулушка жол бербөө жана жер тилкелерин багыты боюнча пайдалануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 8 жолу көчмө жолугушууларды өткөргөн.