Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жерге мунапыс жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруунун алкагында жерлерге мунапыс берүү боюнча иштер улантылууда.

Жалпысынан 37 027 арыз түшкөн (административдик-аймактык реформаны эске алуу менен), анын ичинен 21 780 материал жактырылган.

«Көк-Жар» муниципалдык аймактык башкармалыгынын №172 контуру боюнча.

Бүгүнкү күндө бул участокто коммерциялык жана турак жай эмес имараттар гана демонтаждалууда. Бир күн мурун шаардык кызматтар эмерек цехин, картинг аянтчасын, кумблок чыгаруучу цехти, ашкана менен дүкөндүн кире бериштерин, автосервисти, ангарды ж.б. алуу иштери жүргүзгөн.

Өз кезегинде турак жай объектилеринин ээлерине жер тилкелерин максаттуу багытына ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр берилет.

№172 контур боюнча жалпысынан 1089 жер тилкеси изилденген, анын ичинде:

209 бүткөрүлгөн турак жай имараттары;
85 пайдубал;
78 бүтө элек курулуш объектилери;
704 бош жер тилкеси;
13 турак-жай эмес объект.