«Акниет» турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунда «Bambini» волонтердук уюму менен биргелешкен демилге ишке ашырылууда.

Тарбиялануучуларды колдоо жана алардын жеке жана билим берүү жагынан өсүшү үчүн шарттарды түзүү максатында англис тилине окутуу жүргүзүлөт.

Сабактар жумасына эки жолу бир жыл бою оффлайн форматта өткөрүлөт. Жыл бою «Bambini» уюмунун волонтерлору тарбиялануучуларды англис тилине үйрөтүп, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам беришет.

Жай мезгилинде борбордо кошумча түрдүү мастер-класстар – чоподон жасоо, сүрөт тартуу боюнча, ошондой эле балдардын чыгармачылык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө багытталган өнүктүрүүчү оюндар өткөрүлөт.

Борбордун кызматкерлери тарбиялануучулардын эмоционалдык абалына өзгөчө көңүл буруп,  камкордук жана коопсуздук атмосферасын түзүүгө аракет кылышат.

Бүгүнкү күндө борбордо 4 жаштан 18 жашка чейинки 46 бала жашайт. Мекеме 70 орунга ылайыкталган. Бул жерде турмуштук оор кырдаалга кабылган жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга социалдык, медициналык-психологиялык жана педагогикалык кызматтар көрсөтүлөт.