Бишкек шаарында пландалган жашылдандыруу иштеринин алкагында “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы кооптуу, куураган бак-дарактарды бутап, алууда.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен кыйылган бак-дарактар муктаж жарандарга отун катары таратылат.
📍 Райондор боюнча отун бөлүштүрүү графиги:
Свердлов району: 2025-жылдын 5-6-августу (шейшемби, шаршемби);
Ленин району: 2025-жылдын 7-8-августу (бейшемби, жума);
Биринчи Май району: 2025-жылдын 9-11-августу (ишемби, дүйшөмбү);
Октябрь району: 2025-жылдын 12-13-августу (шейшемби, шаршемби).