Бишкек шаарында 2025-жылдын 7-августунан 5-сентябрына чейин Л.Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, реабилитациянын алкагында Л.Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүнө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну жана транспорт тыгындарын болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.