Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинде жана анын 14 түзүмдүк жана ведомстволук мекемелеринде бекитилген график боюнча жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу боюнча окуулар өткөрүлдү.

Департаменттин демилгеси кызмат алуучулардын жана социалдык тармактын кызматкерлеринин коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле аларды өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө үйрөтүүгө багытталган. Өзгөчө көңүл өрткө каршы даярдыкка жана жер титирөө учурунда өзүн алып жүрүү көндүмдөрүн иштеп чыгууга бурулду.

Окуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү өрт өчүргүчтөрдү колдонуу эрежелерин көрсөтүү менен толук инструктаж өткөрүштү, ошондой эле жер титирөө учурунда аракеттенүү тартибин текшерип чыгышты. Мындан тышкары, мекемелердин эвакуация пландары текшерилди.

Планга ылайык, окуулар 2025-жылдын сентябрь айына чейин өткөрүлөт жана Социалдык өнүктүрүү департаментинин бардык ведомстволук мекемелерин камтыйт. Жалпысынан окууларга социалдык өнүгүү тармагынын 600гө жакын кызматкери жана кызмат алуучулар катышат.

Департамент кызматташтык үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазычылык билдирет.