"Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча иштерди улантууда.
Учурда 9-январь көчөсүнүн Мессарош көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер жүрүп жатат. Анын алкагында эски асфальт алынып, жер кыртышы тегизделген. Коммуналдык люктарды көтөрүү иштери уланууда.
Буга чейин люктар кирпич менен тургузулган. Эми бекемдигин жана бышыктыгын жогорулатуу максатында көтөрүү темир-бетондук шакекчелерди колдонуу менен жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, жаңы жол катмарын төшөө иштерине даярдыктын алкагында кызыл сызыктан чыгып кеткен 12 турак үйдүн тосмолорун жана кеңейтүүлөрүн демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, курулуш зонасында жайгашкан 33 мамы бузулуп, башка жерге көчүрүлөт.