«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жолдорго асфальт төшөгөндөн кийин пайда болгон кемчиликтерди жана тегиз эмес жерлерди карта ыкмасы менен активдүү түрдө калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Тактап айтканда, жолчулар бригадасы 7-Апрель көчөсүнүн А. Токомбаев көчөсүндөгү фрезерлөө иштерин аяктап, учурда деформацияланган тилкелерди калыбына келтирүүдө. Учурда жаңы асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 7-Апрель — Сухэ-Батор, Лев Толстой, Бакаев көчөлөрүнүн кесилиштеринде да оңдоо иштери уланууда.
Мурда ушундай эле иштер төмөнкү тилкелерде жүргүзүлгөн:
•Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши;
•Ч. Валиханов — Шабдан Баатыр көчөлөрү;
•Жибек Жолу пр. — Жаш Гвардия бульвары;
•Жибек Жолу пр. — Кулиев көчөсү;
•Жибек Жолу пр. — Ростовская көчөсү;
•Чүй — Манас проспектилери;
•Жибек Жолу проспектисиндеги Фучик көчөсүнөн Коммунаров көчөсүнө чейин.
Белгилей кетсек, асфальт жабуусунда пайда болгон бардык деформацияланган тилкелер толук түрдө оңдолот. Ишкана тарабынан атайын график түзүлүп, ага ылайык карта ыкмасы менен оңдоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Оңдоо иштеринин жүрүшүндө атайын фреза менен эски асфальттын үстүңкү катмары алынып, жаңы асфальт даярдоо иштери жүргүзүлөт, андан кийин асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, соңунда жаңы жол белгилери чийилет.
Бул иштер шаардагы жол кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.