Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Ак-Босого” конушундагы П. Зима жана Архитектор көчөлөрүнүн кесилишинде тиешелүү уруксат кагаздары жок иш жүргүзүп жаткан соода күркөлөрүн аныктаган.
Бүгүнкү күндө "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте 5 күркө демонтаждалды. Мындан тышкары, түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында дагы 6 күркө ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө алынды.
Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерди соода объектилерин орнотууда жана пайдаланууда мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.