Бүгүн, 2025-жылдын 12-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарынын курулушунун жүрүшүн кайрадан текшерди.
Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки узундугу 1600 м болгон тилкеде түтүктүн диаметрин 700 ммден 900 ммге чейин көбөйтүү менен иштер жүргүзүлүүдө.
Т.Айтматов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки тилкеде жылуулук тармагын көчүрүү иштери 80%га бүттү. Учурда Аламүдүн дарыясынан Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде эски арыкты, түтүктөрдү демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде иш графиктен 6 күнгө алдыда.
Сүйүмбаев көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки тилкеде траншея казылып, түтүктөрдү демонтаждоо иштери аяктады. Учурда жылуулук изоляциясы бар лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.
Борбор калаа башчысы подрядчылардын биринин ишинин жай жүрүп жатканына жана жеринде жумушчулардын жоктугуна нааразы болуп, мындай абал улана берсе, муниципалитет тиешелүү чараларды көрө турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, 2025-жылы жылуулук тармактары реконструкциялангандан кийин аталган тилкелерге бир катмар асфальт төшөлөт. Бул участокту капиталдык оңдоо 2026-жылга пландаштырылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар мэри Айбек Джунушалиев аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жолдун бүткөрүлгөн тилкелерин акырындык менен ачуу милдетин койду.