Бүгүн, 2025-жылдын 12-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ала-Арча дарыясынын коргоо аймагындагы соода түйүндөрүн кыдырып, Ош базарында иштеген ишкерлер менен жолукту.
Жолугушууда калаа башчысы мыйзамга ылайык, эки соода катар жайгашкан аймакта сервитут болууга тийиш экенин, ал эми дарыянын жээгинен 15 метрге чейинки аралыкта кандайдыр бир курулуш жүргүзүүгө тыюу салынарын белгиледи.
Ошентсе да, соодагерлердин өтүнүчүн эске алып, мэр Айбек Джунушалиев бул маселени мыйзамдын алкагында чечүүнүн бардык мүмкүн болгон жолдорун кароону тапшырды.
Шаардык кызматтарга дарыядан алыс жайгашкан биринчи соода катарды сактап калуу тапшырылды. Ал эми дарыяга жакын жайгашкан экинчи катардагы 39 соода жайынын ээлерине мыйзам чегинде иштөөнү улантуу сунушталууда. Ош базарынын ичинде 20 бош соода орун бар. Калган 19 сатуучуга мэрия альтернативалуу жумуш орундарын сунуштайт.
Мындан тышкары, мэр жолугушууда дарыянын жээгиндеги тосмо дубалдар авариялык абалда экенин белгилеп, жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. “Эгерде бул жерде кандайдыр бир кырсык болсо, жоопкерчиликти мэрия тартат”, — деп баса белгиледи А. Джунушалиев.