Бүгүн, 2025-жылдын 12-августунда, мэр Айбек Джунушалиев «Кудайберген» базарын көрктөндүрүү иштери менен таанышып, жанаша жайгашкан аймакты да кыдырды.

Кыдыруу учурунда сатуучулар күркөлөрүн бузбоо өтүнүчү менен мэрге кайрылышкан. Алардын кайрылуусун эске алып, мэр шаардык кызматтарга объектилерди сактап калуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, ал эми сатуучуларга соода түйүндөрүн борбор калаанын дизайн-кодуна  ылайыкташтырууну тапшырды.

Ошондой эле, Профсоюз  көчөсүндөгү Фучик көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки 2 км узундуктагы жаңы парктын курулушу менен таанышты. Учурда жеринде демонтаждоо жана тазалоо иштери жүрүп жатат.

Биринчи май акимиатына Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы менен биргеликте райондун тургундары үчүн спорт аянтчасын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Биринчи май райондук администрациясына базар жетекчилиги менен биргеликте 10 күндүк мөөнөттө базардын аймагын жана ага жакын аймактарды иретке келтирүү, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн тротуарларды оңдоп, жол белгилерин түшүрүү тапшырмасы берилди.