2025-жылдын 12-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Кудайберген» базарын кыдыруу учурунда автоунаалардан мыйзамсыз түрдө акы алынган тосмону аныктады.
Белгилүү болгондой, жеңил автоунаалардан 25 сом, жүк ташуучу унаалардан 40 сом өлчөмүндө кирүү акысы алынган.
Текшерүү учурунда тосмо орнотулган аймактагы унаа токтотуучу жайдын бир бөлүгү муниципалдык менчик экендиги белгилүү болду. Бирок базардын администрациясы бул жерди ижарага алуу үчүн шаардык бюджетке эч кандай төлөм жүргүзгөн эмес.
Мэр базар жетекчилигине тосмону өздөрүнө тиешелүү аймакка жылдырууну тапшырды. Ал эми шаардык кызматтарга бул маселени көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде чечүүнү камсыз кылуу милдети жүктөлдү.