Бишкек шаарынын мэриясына Биринчи Май районундагы «Балбан-Таймаш» конушунун тургундарынан айрым көйгөйлөрдү чечүү өтүнүчү менен кайрылуу түшкөн.
Аталган кайрылуунун негизинде шаар башчысы Айбек Джунушалиев жерине чыгып, тургундардын маселелерин ыкчам чечүү максатында жолугушуу өткөрдү. Конуштун жашоочулары жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, билим берүү мекемелеринин курулушу, канализация жана газ менен камсыздоо маселелери боюнча жардам көрсөтүүнү суранышты.
Мэр шаардык кызматтарга бул конушта мектеп, бала бакча жана балдар аянтчасынын долбоорлорун иштеп чыгууну, ошондой эле МАБ курулушун баштоону тапшырды.
А.Джунушалиев тургундарды тынчсыздандырган бардык маселелерди кыска мөөнөттө чечүүнү жана Биринчи Май районунун акимиатына ишти жеке көзөмөлгө алуу милдетин койду.