Бишкек шаарында 2025-жылдын 13-августунан тарта Интергельпо көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кыймыл убактылуу бир тараптуу уюштурулат.

Бул иш-чара Дэн Сяопин проспектисин реабилитациялоого байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатын көздөйт.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана мүмкүн болсо жеке унаалардын ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.