2025-жылдын 15-августунда саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Анкара көчөсү - Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.
ХБО суу алгычын реконструкциялоого байланыштуу суу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.