Турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунда Кыргыз-Япон фонду менен биргеликте уюштурулган маданий иш-чара  өттү.

Жолугушуунун максаты кыргыз жана япон элдеринин маданий каада-салттары менен таанышуу жана алмашуу болду. Катышуучулар үчүн кыргыздын улуттук оюндары – чүкө атмай жана кыз куумай өткөрүлдү, ал эми Япониядан келген коноктор өздөрүнүн салттуу оюндарын тартуулашты.

Иш-чара маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана достук байланыштарды чыңдоого багытталган эки тараптын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча уюштурулду. Жолугушуунун соңунда тараптар ушундай эле максаттагы мындан аркы эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашышты.

Иш чарага  борбордун 46 тарбиялануучусу жана 25 кызматкери катышты. Балдар бардык оюндарга активдүү катышты.