Буга чейин УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы №67 мектепке тиешелүү мыйзамсыз менчиктештирилген имараттар кайрадан мамлекетке кайтарылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан № 67 жалпы билим берүү мекемесинин класстык бөлмөлөрүн уюштуруу үчүн 751 чарчы метр турак жай эмес жайлар муниципалдык менчикке кабыл алынды.

Чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Илияс Колопов мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгына класстык бөлмөлөрдү иретке келтирүү үчүн оңдоо иштерин кыска мөөнөттө бүтүрүүнү, ал эми «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына аймакты жашылдандырууну тапшырды.

Борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаментине жана мектеп жетекчилигине жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө көзөмөлгө алуу милдети жүктөлдү.