"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектин негизги кесилиштериндеги унаа тыгынын алдын алуу үчүн жасалган чакмак жол чийиндерин жаңылоо жана түшүрүү иштерин улантууда.

Мурда 1.26 белгиси төмөнкү кесилиштер чийилген:
- Манас проспектиси жана Москва көчөсү;
- Манас проспекти жана Токтогул көчөсү;
- Манас проспектиси жана Киев көчөсү.

2025-жылдын 14-15-августуна караган түнү, саат 00:00дөн 06:00гө чейин Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол кыймылы убактылуу жабылат.

Бишкек мэриясы каттамды алдын ала пландаштырып, айланып өтүүнүн альтернативдүү жолдорун колдонууну өтүнөт.

Шаардыктар үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн жумуштар түнкү убакта аткарылууда жана МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлүп жатат.

Жакынкы арада борбордун дагы 11 кесилишине чакмак чийиндерин түшүрүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, бул чийиндер (1.26 түрү) - бул ромб сымал клеткаларды түзгөн диагоналдык сызыктардан турган сары торчолор. Тыгындарды азайтуу үчүн жол кыймылы көп болгон светофорлор менен жөнгө салынуучу кесилиштерге колдонулат. Тыгын болгондо мындай белгилерге кирүү жол эрежесин бузуу болуп саналат жана кайчылаш багытта кыймылга тоскоолдук кылат.