Бишкек шаарында «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасы менен «Констант Солюшенс ЛЛС» ЖЧКсынын ортосунда кургак күл сатуу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Мындай келишим акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу түзүлүп жатат. Бул келишим ишкананын чыгымдарын кыскартууга, кошумча каражат тартууга жана күлдү азайтууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, келишим аукциондун жыйынтыгында 5 жылдык мөөнөткө түзүлүп, 1 тонна кургак күлдүн баасы 2 509 сомду түздү. Жылына орто эсеп менен 60 000 тонна күл чыгат, ал эми 5 жылда бул көлөм 300 000 тоннадан ашат.