Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бакай-Ата» конушунун тургундары менен жолугушуп, шаардыктардын өтүнүчү менен жаңы окуу жылына карата даярдыктын жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн №85 мектепке барды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысына мектептеги учурдагы абал, аткарылып жаткан оңдоо жана даярдык иштери көрсөтүлдү.
Мэр мектептин жаңы окуу жылына даярдыгына нааразы болуп, шаардык кызматтарга башталган оңдоо иштерин кыска мөөнөттө бүтүрүүнү жана мектептин коридорлорундагы плиткаларды бир жуманын ичинде алмаштырууну тапшырды.
Свердлов районунун акимине мектептеги даярдыкты жеке көзөмөлгө алуу, мектептин курулушу жана мурдагы оңдоолору боюнча документтерди изилдеп чыгуу милдети коюлду.
Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар экологиялык коопсуздук, атап айтканда №9 күл төгүүчү жердин картасынын абалы жана чаңдын тарашы боюнча тынчсызданууларын билдиришти.
Мэр тиешелүү кызматтарга экологиялык коопсуздукту камсыздоо, аймакты тосуу жана күл төгүүчү жердин аймагында жолдорго үзгүлтүксүз суу чачып туруу боюнча чара көрүүнү тапшырды.