Бүгүн өлкөнүн башкы Ала-Тоо аянтында шаардыктар сүйүп күткөн «Ачык асман алдында музыкалык кечелер» долбоорунун алкагында кезектеги концерт өттү.
«Семетей» ыр жана бий ансамблинин, «Сувенир» орус ыр ансамблинин жана башка артисттердин чыгармалары борбордун тургундары менен меймандарын кубандырды. Ыр-бийге жык толгон чыгармачыл номерлер көрүүчүлөргө чыныгы майрамдык маанай тартуулады.
Жылуу август кечи, жандуу музыка жана аткаруучулардын харизмасы борбордук аянтка чогулган элди бир максатка бириктирди. Көпчүлүк көрүүчүлөр белгилүү обондорго кошулуп ырдап, кол чабуулар менен артисттерге өз ыраазычылыктарын билдиришти.
«Ачык асман алдында музыкалык кечелер» долбоору барган сайын кеңири жайылып, популярдуулукка ээ болууда. Бишкектиктерди жана шаарыбыздын меймандарын алдыда дагы таланттуу аткаруучулар жана чыгармачыл жамааттар менен жаңы жолугушуулар күтүп турат.