Бишкек шаарында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Мындай объектилердин бири Широкая көчөсү дарыядан 1-үйгө чейин. Учурда бригада жол катмарын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатат. Эски асфальтты сыйруу, жаңы тротуардык жана жол бордюрлары, ирригациялык система орнотулду, жолдун негизи даярдалды жана ысык асфальт төшөлүүдө.

Бардык иштер шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана борборду жалпы көрктөндүрүүгө багытталган.

Шировая көчөсүндө Бишкек шаарынын Ч.Айтматов атындагы лицейи жана Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жайгашкан. Жаңыланган жол 2025-жылдын титулдук тизмесине ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына чейин бул билим берүү мекемелерине коопсуз жана ыңгайлуу кирүүнү камсыз кылат.

Белгилей кетсек, Широкая көчөсүнүн № 1 үйүнөн Керамическая көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо каналициялык тармактардын салынышына байланыштуу башталган эмес. Жолдорду капиталдык оңдоо иштери көчөнүн аталган бөлүгүндө инженердик тармактарды орнотуу аяктагандан кийин башталат.