Бишкекте Билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилерин жана жол чийиндерин жаңылоо иштери уланууда. Бул чаралар борбор калаанын жаш тургундарынын коопсуздугун жогорулатуу максатында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.
Учурда Ленин жана Биринчи Май райондорунда иштер аяктады. Ушундай эле иштер Октябрь жана Свердлов райондорунда жүрүп жатат.
Учурда бригада 11-кичи райондогу №63 орто мектептин, 6-кичи райондо №157 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин, ошондой эле Сухэ-Батор көчөсүндө № 39 мектеп-гимназиясынын жанындагы жол чийиндери жаңылып жатат.
Жаңы окуу жылынын алдында шаардагы мектептердин, бала бакчалардын жана башка билим берүү уюмдарынын жанында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Айдоочулардан кооптуу аймактарда өзгөчө көңүл бурууну суранабыз жана ата-энелерге балдар менен жолдо коопсуз жүрүм-турум эрежелерин кайталоонун маанилүүлүгүн эскертебиз.