2025-жылдын 21-августунда саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт.
Өчүрүү району:
Горький- Ж. Пудовкин - Ахунбаев - Койбагаров - Юнусалиев - Скрябин - Матросов - Медеров - Бектенов көчөлөрү менен чектешет.
Суу берүү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.