"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Тоголок Молдо көчөсүндөгү билим берүү мекемесинин жанындагы жолду асфальттоону аяктады.
Жол бригадасы мектептин жанындагы участокко ысык асфальт төшөп, тегиз жана коопсуз жабууну камсыз кылышты. Ошондой эле мектеп окуучуларынын жана мекеменин кызматкерлеринин коопсуз жүрүүсү үчүн зарыл болгон тиешелүү жол белгилери түшүрүлдү.
Жаңы окуу жылынын алдында шаар боюнча билим берүү мекемелеринин жанындагы жол инфраструктурасын жаңылоо боюнча иштер улантылууда: жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр жана чийиндер жаңыланууда, мамлекеттик стандартка (ГОСТ) ылайык бардык жол белгилери орнотулуп же ага ылайык келтирилүүдө.
Бул чаралар балдардын коопсуздугун камсыз кылууга жана борбордогу мектептер менен балдар мекемелеринин аймагындагы шарттарды жакшыртууга багытталган.