Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун “Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер” долбоорунун алкагында кезектеги концертке чакырат.

2025-жылдын 22-августунда саат 19:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен президенттик «Манас» камералык оркестри жаңы концерттик сезонун ачат.

Бул кечени  маэстро Медет Осмонов жетектейт. Анын жетектөөсүндө оркестр менен биргеликте А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери: Полина Попикова, Элгиз Бейшенбаев, Аяна Бекенова жана Атахан Айбек уулу сахнага чыгышат.

Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун ачык асман алдында жандуу музыка менен коштолгон бул керемет кечеге катышууга чакырабыз. Кирүү акысыз.