«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы жумуштун ыкчамдыгын жогорулатуу максатында электромеханиктердин жардамчыларына 10 электр-велосипед тапшырды.

Бул транспорт каражаттары кызматкерлерге бекитилген лифттер жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө тезирээк жетүүсүн камсыз кылуу үчүн берилди.

Буга чейин кээ бир объектилер бири-биринен алыс жайгашкандыктан жана бир эле убакта ар кандай даректерден бир учурда чакыруу түшкөн учурда, кызматкерлер жолго кошумча убакыт коротуп келишкен. Электр-велосипеддерди колдонуу менен убакытты үнөмдөөгө жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, электр-велосипеддерди пайдалануу абанын булгануусун азайтууга жардам берет.

Иштетүүгө берүүнүн алдында кызматкерлерге коопсуздук техникасы боюнча нускама өткөрүлдү.

«Бишкекшаарлифт» МИси шаар тургундарын тейлөө сапатын жакшыртуу жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүүгө багытталган заманбап чечимдерди мындан ары да ишке ашырууну улантат.