Бишкекте жолдорду жана тротуарларды жакшыртуу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Ошентип, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жолчулары Власов көчөсүнө ысык асфальт төшөй баштады.

Иштер 9-январь көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлүүдө. Буга чейин асфальт салууга чейинки даярдоо боюнча бардык иштер жыйынтыкталды.