Бишкек шаарында 2025-жылдын 22-августунан баштап Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн айрым тилкелери убактылуу эки тараптуу болот.
Тактап айтканда, Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта жана Токтогул көчөсү Эркиндик бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки аралыкта эки тараптуу болуп уюштурулат.
Бул чечим Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынууда.
Мындан тышкары, аталган көчөлөрдүн эки тарабына унаа токтотууга тыюу салган белгилер орнотулат.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жогоруда аталган аймактарда автоунаа токтотроону суранабыз. Эгерде жол белгилерине баш ийбеген учурлар катталса, автоунаалар эвакуатор аркылуу алынып кетет.