Бишкек шаарынын мэри Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта курулуп жаткан заманбап жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жайынын курулуш иштерин текшерди.
Азыркы учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Шаар башчысы жеринен тиешелүү кызматтарга курулуш маалында жаралышы мүмкүн болгон маселелерди ыкчам чечүү боюнча тапшырмаларды берди.
Бул ири инфраструктуралык долбоордун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт.
Долбоордун ишке ашырылышы транспорттук кыймылды жеңилдетип гана койбостон, шаардык чөйрөнү модернизациялоонун маанилүү этабы болот.
Негизги максат — жөө жүрүүчүлөр жана шаар тургундары үчүн коопсуздукту, жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле убакытты үнөмдөө. Жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жайы борбордук көчөлөрдөгү унаа агымын азайтып, тыгындарды кыскартууга жана шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.