2025-жылдын 21-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтар жана ЖККБнын  башчысынын орун басары Улан Саргашкаев менен биргеликте эртең менен  жолдорду кыдырып чыкты.

Төмөнкү көчөлөрдөгү оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди:

- Москва жана Ю.Фучик  көчөлөрүнүн кесилиши;
- Дэн Сяопин проспекти менен Ю.Фучик  көчөсүнүн кесилиши;
- Сельповская көчөсү  Дэн Сяопин проспектинен Серпухов көчөсүнө чейин;
- 9-январь көчөсү  Месарош көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейин;
- Волков көчөсү, 1Б (аскердик шаарча);
- Ы.Абдрахманов – Саймойленко көчөлөрүнүн кесилиши.

Мындан тышкары, Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки Москва көчөсүнүн жөө жүргүнчүлөр жолунун оңдолушу да текшерилди.

Кыдыруу маалында тургундар Москва көчөсүндөгү уруксатсыз курулуштар боюнча мэрге кайрылышты. Жеринен эле объекттин ээси жана ижарачылары менен иштер жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар болсо, чара көрүү тапшырмасы берилди.

Шаар башчысы Ауэзов – Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көпүрөнүн курулушун да көрүп чыкты.

Кыдыруунун жыйынтыгында мэр бардык тилкелердеги иштерди тездетүүнү жана 20-октябрга чейин толук бүтүрүүнү тапшырды.

Бишкек шаары боюнча ЖККБга оңдоо жүрүп жаткан көчөлөрдө жол кыймылын жөнгө салуу иштерин күчөтүп, тыгындарга жол бербөө милдети коюлду.

Район акимдерине чарба субъекттер менен иш алып барып, имараттардын сырткы көрүнүшүн шаардык дизайн-кодго ылайык келтирүү, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жол оңдоо менен катар алып баруу тапшырылды.