Бишкек шаарындагы Сельповская көчөсүн Дэн Сяопин проспектисинен Серпухов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтүүдө.

Иштер "Бишкекасфальтсервис"муниципалдык ишканасынын подряддык уюмунун тарабынан жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда жолчулар тарабынан эски асфальт төшөмөлөрдү жана тосмолорду алуу (демонтаждоо) иштери жүргүзүлүүдө.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдун курулушуна тоскоол болгон 27 турак үйдүн тосмолору аныкталган. Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан объектилерди өз ыктыяры менен демонтаждоо жөнүндө эскертүүлөр берилген.

Бүгүнкү күндө 27 тосмонун 18ин тургундар өз ыктыяры менен демонтаждашты, калган 9у боюнча турак үйлөрдүн ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Демонтаждоо иштери Сельповская көчөсүнүн тургундарынын жана подряддык уюмдардын күчү менен жүргүзүлөт.