2025-жылдын 21-августунда Бишкек шаарынын Ленин районунун бир катар билим берүү мекемелеринде оңдоо иштеринин жүрүшү боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары  В.А. Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Р.И.Мусаева, Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Б.С. Исмаилова, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Койчукеева, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, КР ӨКМнин Өрткө каршы күрөшүү кызматынын, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө №5, 56, 60, 165 мектепке чейинки билим берүү мекемелери, ошондой эле №68, 31, 77, 8, 102, 92, 42 мектептер текшерилди.

Оңдоо иштерине, өрт коопсуздугуна, санитардык нормалардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалитет окуу жылынын башталышына чейин оңдоо иштерин бүтүрүү, ошондой эле райондогу бардык билим берүү мекемелерин жакшыртууну камсыз кылуу милдетин койду.