Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун “Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер” долбоорунун алкагында концерттерге чакырат.
📍 Ала-Тоо аянты
🕖 Саат 19:00дө башталат
Кирүү акысыз
2025-жылдын 22-августунда президенттик «Манас» камералык оркестри мэриянын колдоосу менен жаңы концерттик сезонун ачат. Бул кечени маэстро Медет Осмонов жетектейт. Анын жетектөөсүндө оркестр менен биргеликте А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери: Полина Попикова, Элгиз Бейшенбаев, Аяна Бекенова жана Атахан Айбек уулу сахнага чыгышат.
2025-жылдын 23-августунда өлкөнүн башкы аянтында Эл аспаптар оркестри жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт коюп, көрүүчүлөргө жайкы эс алуу атмосферасын жана жаркын эмоцияларды тартуулашат.
Баарыңыздарды биздин кечке кошулууга жана ачык асман алдында жандуу музыкадан ырахат алууга чакырабыз!