2025-жылдын 29-августунда саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы: Л.Толстой көчөсү – Асаналиева көчөсү – Фучика көчөсү – темир жол линиясы – Садырбаев көчөсү менен чектешет.

Суу берүү Л.Толстой көчөсүндөгү диаметри 200 мм суу түтүктөрүн кайра туташтырууга байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.