Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Өргө конушунда бала бакча курурууда.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттуу, 100 балага ылайыкташкан. Жер участогунун жалпы аянты 0,39 гектарды түзөт.
Долбоор боюнча бала бакчанын имаратынын биринчи кабатынан түз сыртка чыгуучу алты негизги чыгуу уюштурулат. Кошумчалай кетсек, ар бир оюн бөлмөсүндө заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген авариялык чыгуулар болот.
Имаратта таратуучу ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу, оюн, кабыл алуу, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык+ гимнастикалык зал, тазалык түйүндөрү жана техникалык жайлар жайгашат.
Учурда темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Подряддык уюм - "Гипер Строй" ЖЧКсы.