Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков менен Ухань шаарынан (КЭР) келген делегациянын Кытай Элдик саясий консультациялык конференциясынын шаардык комитетинин төрагасынын орун басары – Чэнь Юецин мырза менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун максаты Бишкек жана Ухань шаарларынын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо, экология, билим берүү, шаардык инфраструктура жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле бир тууган шаарлардын мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду талкуулоо болду.
"Биз бүгүнкү иш сапарды достуктун гана белгиси катары эмес, өз ара мамилелерибизди бекемдөөгө мүмкүнчүлүк катары баалайбыз. Биз бир тууган шаарга практикалык мүнөз берип, шаарларыбыздын тургундарына пайда алып келе турган конкреттүү долбоорлорду баштоону каалайбыз", - деп белгиледи М.Байгончоков.
Ошондой эле “Бир алкак, бир жол” программасынын алкагында келечектүү инвестициялык долбоорлорду талкууладык.
Жолугушуунун соңунда тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.