"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан Козу-Баглан көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Капиталдык курулуш иштери Айкөл көчөсүнөн ЧЧКга чейинки бөлүктө жүрүп жатат.
Айкөл көчөсүнөн Мыскал көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу, ирригация системасын орнотуу жана инженердик түйүндөрдүн люктарын көтөрүү иштери аяктады.
Учурда Мидин көчөсүнөн ЧЧКга чейинки тилкеде топуракты иштетүү иштери жүрүп жатат.
Көчөнү капиталдык оңдоо транспорттук инфраструктураны, саркынды сууларды чыгарууну жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.