Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Чоң Чүй каналынын чыгыш жана түштүк тармактарынын суу коргоо аймактарын тазалоо иштерин улантууда.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы №79 токтомунун негизинде жүргүзүлүүдө.

Башкармалыктын адистери алгач объект ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, андан соң Чоң Чүй каналынын жанында жайгашкан «Байсуу» кафесинин курулуштарын демонтаждоого киришти.
Жеңил конструкциядан  курулган бул курулуштардын аянты 380 чарчы метрди түзгөн.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарындагы суу коргоо аймактарында жалпы 12 189,34 чарчы метр аянтты ээлеген 262 объект бузулду.  Аймактарды бошотуу иштери улантылууда.