Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы оңдоо иштеринен кийин ачылды.
Бул тилкеде эки катмар асфальт төшөлдү. Автобус каттамдары мурдагы жол кыймылы менен каттай баштайт.
Эскерте кетсек, Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы 23-августтан тарта оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.