2025-жылдын 25-августунда 67 жашында Калыгулова Майрамкүл Рыскулбековнанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтабыз.

Калыгулова Майрамкүл Рыскулбековна билим берүү тармагында 40 жыл эмгектенген. Музыка боюнча көптөгөн методикалык иштеп чыгуулардын автору болгон.

Эмгек жолун 1982-жылдын сентябрь айынан баштап Панфилов районундагы П.Г. Кайыңды балдар музыкалык мектебинде музыка мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 2002-жылдын сентябрынан 2008-жылдын апрелине чейин, 2013-жылдын январынан 2019-жылдын мартына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде иштеген, акыркы учурда "Шайыр балалык" балдар чыгармачылык борборунда эмгектенип жаткан.

Майрамкүл Рыскулбековна мыкты, өзүнүн адистиги боюнча чоң тажрыйбага жана кеңири практикалык билимге ээ болгон, өз ишинде дайыма жогорку натыйжаларга жетишип, өз үлгүсү менен кесиптештерин кубаттап турган адис эле.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.