Бүгүн, 2025-жылдын 26-августунда "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигинде экологиялык кеңештин жаңыланган форматта отуруму өтүүдө.
Программанын негизги элементтеринин бири питомникке экскурсия болду. Катышуучуларга борбор калаага жакында отургузула турган бак-дарактар, бадалдар жана гүлдөр көрсөтүлдү.
Ишкананын башкы агроному жашыл аймактарда өстүрүүнүн жана багуудагы өзгөчөлүктөр, алардын ар биринин артыкчылыктары, ошондой эле шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүүдөгү ыкмалар тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары, дарактарды сугаруунун жаңы ыкмасы көрсөтүлдү. Бул — сууну жай тамчылатып сугарган атайын каптар. Пилоттук долбоордун алкагында 2000ден ашык кап орнотулуп, ар бири суткасына 50 литр сууну тең салмактуу таризде берет. Бул ыкма суу ресурстарын үнөмдөөгө, көчөттөрдүн жерге көнүшүн жакшыртууга жана жетүү кыйын болгон аймактарда багууну жеңилдетүүгө жардам берет.
Ошондой эле “Бишкекжашылчарба” МИнин атайын техникасы көрсөтүлдү. Иш-чаранын катышуучуларына дарак көчүрүү системасы, тамырларды казуу, бутактарды майдалоо жана дарак сугаруучу, дары чачуучу унаалардын иши да демонстрацияланды.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы жашыл аймактарды кароо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө «Бишкек жашыл курулуш» 832 гектар жашыл аянтты тейлейт, анын ичинен 433 гектар газон. Сугаруу график боюнча жүргүзүлүүдө: күн сайын эртен менен суу шаарга 7 магистралдык канал аркылуу кирип, 410 километр сугат тармагына таркатылат. Сугат үчүн 90,2 км канал, 410 км тармак жана 29 скважина пайдаланылат. 180 гектарга жакын аянт скважиналардан сугарылат.