2025-жылдын 28-августунда саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

* Чокморов көч. - Ю. Абдрахманов көч. - Киев көч. - Шопоков көч. - Чүй пр. - Ибраимов көч. - Киев көч. - Шопокова көч.

Үсөнбаев көчөсүн бойлой диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу токтотулат.

“Бишкексууканал” МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.